Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 6
Өрүктү айыл аймагына караштуу Орток-Бел массивинде жайгашкан топурак карьеринен топуракты жүктөө жана ташууга уруксат берүү жөнүндө
Орток-Бел массивинде жайгашкан топурак карьеринен казуу иштерин жүргүзүү үчүн Өрүктү айылынын тургуну жеке ишкер Бөрүкулов Эрнис Тойчубековичке уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток-Бел массивинде жайгашкан топурак карьеринен контурдук картанын негизинде
0,1 га жер аянтынан казуу иштерин жүргүзүү үчүн жеке ишкер Бөрүкулов Эрниске
уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөт менен жеке ишкер Бөрүкулов Эрнис Тойчубекович ортосунда мыйзам чегинде эки тараптуу келишими түзүлсүн .
3.Келишимдин негизинде айыл өкмөт жана жеке ишкер Бөрүкулов Эрнис тарабынан социалдык пакет бекитилсин жана келишимде жердин аренда төлөмү көрсөтүлсүн.
4.Топурак карьер боюнча бардык тиешелүү кагаздарын даярдоо жеке ишкер Бөрүкулов Эрнис Тойчубековичке милдеттендирилсин.
5.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” Мыйзамына ылайык келтирип берүү жана КР “Жер Кодексинин” негизинде жерди ажыратып, тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
7.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
8.Бул токтомдун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер, өзгөчө кырдалдар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |