Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 9
Өрүктү айылындагы кичи футбол аянтчасын фронтондорун жабуу үчүн кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө
Өрүктү -Сай айылына жаңы курулган кичи футбол аянтчасынын тосмолоо жумуштары бүтпөй калгандыгына байланыштуу футбол аянтчасынын фронтондорун жабуу үчүн сметага ылайык кошумча акча каражатын бөлүп берүү максатында айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кичи футбол аянтчасынын фронтондорун жабуу түзүлгөн сметага ылайык жүргүзүлсүн.
2. Айыл аймактын атайын каражат эсебинен сметада каралган 148 310 (жүз кырк сегиз миң үч жүз он ) сом акча каражаты берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |