Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 10
Өрүктү айыл өкмөтүнүн жана Өрүктү айылдык кеңештин биргелешкен конкурстук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамына, 02.03.2010-жылдын X сессиясынын №10/3 токтому менен бекитилген Өрүктү айылдык кеңешинин жөнүндө уставына жана Өрүктү айыл өкмөтүнүн жөнүндө уставына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кенешинин бош административдик кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Аким уулу Азамат- айылдык кеңештин төрагасы,конкурстук комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Эгембердиев Бакыт-мамлекеттик райондук администрациясынын өкүлү.
Ускенбаева Гульнара-жооптуу катчы
Осмонбеков Медеткан-ФЭБнун башчысы
Токтогулов Кубанычбек -айылдык кеңештин депутаты
Бозгунчиева Махабат-жарандык коомдун өкүлү
Амиракулов Султаналы-жарандык коомдун өкүлү
2.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г.Ускенбаевага жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |