Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясы
2020-жылдын 16-июну № 1
Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2021-жылга долбоорунун, 2022-2023-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кабыл алуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2021-жылга долбоорунун,2022-2023-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча ФЭБнүн башчысы М.Осмонбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2021-жылга долбоорунун,2022-2023-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү бекитилсин.
2.2021-жылга долбоору,2022-2023-жылга божомолунун кирешелери:
2.1 2021-жылга долбоор киреше жана чыгаша бөлүгү 11224,5 (он бир миллион эки жүз жыйырма төрт миң, беш жүз)
2.2. 2022-жылга долбоор 11271,8 (он бир миллион эки жүз жетимиш бир миң,сегиз жүз)
2.3. 2023-жылга 11319,3 (он бир миллион үч жүз он тогуз миң,үч жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |