Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
2020-жылдын 7-декабры № 1
Жергиликтүү бюджетке ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн каржы экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын жергиликтүү бюджетке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳгү маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3111 жана 2215 беренелеринен жыл ичинде үнѳмдѳлгѳн каражат айыл ѳкмѳттүн имаратына жана бала бакчаларга керектелүүчү эмеректерди сатып алууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарыфлышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетине,тѳрайымы Н.Юсуповага тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |