Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 1
Мектептерди окуу жылына даярдоо жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 “Коронавирус инфекциясынын таралышын болтурбоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар (COVID-19)” токтомунун талаптарына ылайык Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы мектептердеги биринчи класстардын окуучуларына сапнитардык талаптарга ылайык шарт түзүү максатында Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы мектептердеги биринчи класстын окуучуларына санитардык талаптарга ылайык шарт түзүү максатында айыл ѳкмѳттүн жергиликтүү бюджетинин Кормоцех участкасынын КТП долбооруна каралган каражатынан 700,0 жана долбоорлор үчүн каралган каражаттан 295,0 сом акча каражатын керектелүүчү эмеректер башкача айтканда кол жуугучтар(умывальник,раковина) ысык жана муздак суу менен камсыздоо,самын,термометр,санитайзер,атайын килемче жана антисептикалык залалсыздандыруучу каражаттарды сатып алуу үчүн ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |