Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
2020-жылдын 28-август № 2
Күндүзгү стационар жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, мамлекеттеги Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) таралышына жол бербѳѳ максатында Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имаратына элдик салым каражаттары менен салынып жаткан кошумча каананын курулушуна каражат кароо максатында Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имаратына элдик салым каражаттары менен салынып жаткан кошумча каананын курулушуна каражат кароо максатында жергиликтүү бюджеттин 3111 беренесинен 250,0 сом акча каражаты имараттын жетишпеген керектелүүчү буюмдарын (эшик,терезе ) сатып алуу үчүн ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |