Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
2020-жылдын 28-август № 3
Айылдардагы социалдык маселелер жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү ” КРдин Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сакалды айыл аймагындагы Нагдай айылынын кѳчѳлѳрүнѳ электр чубалгы сатып алып берүү максатында жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен 50,0 сом акча каражаты Кормоцех айылынын кѳчѳлѳрүнѳ электр чубалгы сатып алып берүү максатында жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен 40,0 сом акча каражаты ажыратылсын.
- Сакалды аймактык милиция бѳлүмчѳсүнүн имаратынын ремонту үчүн жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен 40,0 сом акча каражаты ажыратылсын;
- Кагазды айылынын фельдшердик акушердик пунктунун ажатканасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен 21,0 сом акча каражаты ажыратылсын;
-Кыргызстан айылынын Тулга кѳчѳсүндѳгү сугат суу скважинасына акылдуу эсептегич сатып алып берүү үчүн айыл ѳкмѳттүн жергиликтүү бюджетинин 2215 беренсинин эсебинен 15000(он биш )миң сом каражаты ажыратылсын;
- Сакалды айыл аймагындагы Бѳбүй айылынын дыйкандарын сугат суу менен камсыздаган №187 скважинасы электр кокустугунан толугу менен күйүп кеткендигине байланыштуу дыйкандардын сугат сууга болгон муктаждыгын эске алып,жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен 160,0 сом акча каражаты скважинага суу насос жана электр чубалгы сатып алуу үчүн ажыратылсын;
- Сакалды айыл аймагындагы Аримжан фельдшердик акушердик пунктун (ФАП) 2020-2021-күз кыш жылытуу мезгилине даярдоо максатында жергиликтүү бюджеттин 2215 беренесинен 75,0 сом акча каражаты имараттардын жылытуу системасын оңдоп түзѳтүү үчүн ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |