Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 5
Жарандардын арыздарын кароо жѳнүндѳ
Жаран Бердибаев Салижандын 2020-жылдын 28-августундагы Б-173 кириш сандуу арызын угуп жана талкуулап чыгып, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ” КРдин 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамынын 13-беренесинини 1п 1б ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн Чоң-Багыш айылынын жашоочусу Бердибаев Салижандын 2020-жылдын 28-августундагы Б-173 кириш сандуу арызы канааттандырылсын.Арыз ээси С.Бердибаевге ден соолугун калыбына келтирүү үчүн айыл ѳкмѳттүн эсебинен 20000(жыйырма миң) сом акчалай каражат жардам иретинде ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине жана айыл ѳкмѳттүн каржы экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Турганбаевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |