Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2020-жылдын 9-июлу № 1
Коомдук кырдаал жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл ѳкмѳттүн аймагындагы Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, массалык иш чараларды ѳткѳрүү убактылуу токтотулсун.
2. Калкты бул абалдан тынч алып чыгуу максатында айыл ѳкмѳттүн түрдүү чыгымдар статьясынан каралган каражаттарынан тѳмѳнкү нерселер алып берилсин :
-кычкылтек концентраттык аппарат 5 даана;
- жүрѳктүн кагышын кѳзѳмѳлдѳѳчү аппарат 5 даана;
-жылуулук ѳлчѳчүү аппарат 5 даана;
- медициналык коргоочу костюм 9 даана;
Зарылчылык болгон учурда тѳмѳндѳгү статьяларга ажыратылган каражаттарды медициналык аппараттарды сатып алып,пайдаланууга уруксат берилсин.
Кагазды айылынын газон салууга бѳлүнгѳн акча каражатынан 200,0 мин сом;
Чек айылынын газон салууга бѳлүнгѳн акча каражатынан 100,0 мин сом;
Кормоцех кичи айылына КТП проектини түзүү үчүн бѳлүнгѳн акчадан 150,0 мин сом;
2. Тез арада абал курчубай туруп аппаратарды сатып алууну камсыздоо айыл ѳкмѳттүн башчысы Ш.Масировко жүктѳлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Юсуповага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |