Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2020-жылдын 9-июлу № 2
Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айыл өкмөтү Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы Филиалы менен Covid-19 пандемиясы учурунда кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан калкка үзгүлтүксүз, сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуусунун негизинде Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы Филиалы Сакалды айыл өкмөтү аркылуу «Сакалды-Таза-Ичимдик-Суу» ИСККБсынын Чоң-Багыш участкасына 105 000 (Бир жүз беш миң) сом субсидия бериши үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 105 000 (Бир жүз беш миң) сом, чыгаша бөлүгүнө 105 000 (Бир жүз беш миң) сом өзгөртүү киргизилсин.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдаштыруу Сакалды айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Турганбаевага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл ѳкмѳт башчысы Ш.Масировго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |