Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2020-жылдын 9-июлу № 3
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Сакалды айыл аймагынын Чоң-Багыш айылынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айыл өкмөтү Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы Филиалы менен Covid-19 пандемиясы учурунда кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан калкка үзгүлтүксүз, сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуусунун негизинде Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Сакалды айыл аймагынын Чоң-Багыш айылынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү жобосу бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |