Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
2020-жылдын 9-декабры № 40/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021ж. карата стратегиялык өнүгүү планына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 02.12.2020-жылдагы № 1-12/904 кайрылуу катынын негизинде шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Калинина жана Коммунальная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү иш планына толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы мэриянын тиешелүү адистерине, шаардык кеңештин депутаты М.Жаныбаевге жана «Зона» кварталынын төрагасы П.Курбановго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткаруусун көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |