Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
2020-жылдын 9-декабры № 40/2
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 07.12.2020-жылдагы № 1-12/909 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгү № 15 КМДнын баланстагы муниципалдык менчигинде турган 400 м.кв. жер аянтына мечит курууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгү №15 КМДнын баланстагы муниципалдык менчигинде турган 400 м.кв. жер аянтына мечит куруу үчүн уруксат берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо мэриянын тиешелүү адистерине, курулуш иштерин жүргүзүү жагы жамаатка жана Юсупов Кыргызбай ажыга жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |