Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ- сессиясы
2020-жылдын 9-декабры № 40/3
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 08.12.2020ж. №1-12/919 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.12.2020-жылдагы № 1-12/919 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Мамытов атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу карала турган долбоордун 15% түзгөн өздүк салымын 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтуу калктын жардамынын өлчөмү 495666 (төрт жүз токсон беш миң алты жүз алтымыш алты) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын Т.Мамытов атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттен 395666 (Үч жүз токсон беш миң алты жүз алтымыш алты) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 100000 (Жүз миң) сом каралсын.
2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |