Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХIХ сессиясы
2020-жылдын 20-октябры № 39/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 19.10.2020-жылдагы №01-12/810 каты жана шаардын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 19.10.2020-жылдагы №01-12/810 катынын жана шаардын тургундарынын кайрылуусун эске алып 2021-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу асфальт төшөө иштери жүргүзүлө турган көчөлөрдү талкуулап, карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын 2018-2021-жылдарга карата Стратегиялык Өнүгүү планына төмөндөкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- Строительная жана Школьная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги аркылуу ишке ашырылсын;
- 2021-жылга Т.Мамытов көчөсүнө асфальт төшөө иштери каралып, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу ишке ашырылсын.
2. Көк-Жаңгак шаарынын 2018-2021-жылдарга карата Стратегиялык Өнүгүү планына өзгөртүү жана толуктоо киргизуу, долбоорду ишке ашыруу, иш кагаздарын даярдоо жана демөөрчүлөрдү таап, республикалык бюджеттен акча каражатын чечүү жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |