Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 37/4
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 07.08.2020-жылдагы № 1-12/630 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Коммунал көчөсүндө жайгашкан 312,0 кв.м., Коргонташ көчөсүндө жайгашкан 0,13га жана А.Алишев көчөсүндө жайгашкан 0,15га жер аянттарын шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Коммунал көчөсүндө жайгашкан 312,0 кв.м. жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2.Көк-Жаңгак шаарындагы Коргонташ көчөсүндө жайгашкан 0,13га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
3.Көк-Жаңгак шаарындагы А.Алишев көчөсүндө жайгашкан 0,15га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |