Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 37/6
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.07.2017-жылдагы № 2/1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык кенештин 03.07.2017-жылдагы № 2/1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Тажибаева Айымтилла Саттаровна киргизилсин.
2.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Исмаилов Болотбек Маметмусаевич киргизилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |