Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 37/8
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 28.07.2020-жылдагы № 1-12/608 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 28.07.2020-жылдагы № 1-12/608 кайрылуу катын карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчигине катталган Октябрдын 40 жылдыгы бульварынын №6 үйүндөгү эски балдар консультациясынын бөлмөсүн жалпы дарыгерлер борборунун өтүнүчүнүн негизинде Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А.Насыровго акысыз жеке менчике өткөзүп алуу үчүн макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана коммуналдык менчик департаментинин балансынан муниципалдык реестринен Октябрдын 40 жылдыгы бульварынын №6 үйүнүн эски балдар консультациясынын бөлмөсүн чыгаруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Н.Болотбековго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |