Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 37/9
Көк-Жаңгак шаарынын Пржевальский көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын Пржевальский көчөсүнүн тургундарынын 2020-жылы «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылында» белгилүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата көчөнүн атын өзгөртүп берүү боюнча арызын карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Улуу инсандын атын даңазалоо, өсүп келе жаткан муунга тарыхты таанытуу максатында Пржевальский көчөсун жана кичи көчөсүн Исхак Раззаков атындагы көчө деп аталсын.
2.Тиешелүү корноктор жана көчөнүн аты жазылган тактайчалар токтомду алган күндөн тартып алмаштырылсын.
3.Аталган көчөлөрдү ондоп түзөө жагы көчөнүн тургундарына тапшырылсын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |