Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-февралы № 2
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөттүн эки тараптуу түзүлгөн келишимин бекитүү жөнүндө
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү ишке ашыруу максатында эки тараптуу түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү ВУСтун инспектору Ж.Шамшиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн ВУСтун инспектору Ж.Шамшиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн эки тараптуу түзүлгөн келишими бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ө.Нурматовага милдеттендирилсин.
4. Токтом жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Мустапакулов
|