Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-февралы № 4
Арал айыл аймагындагы үй жаныбарлардын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акыларын бекитүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Н. Ташматовдун сунушун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагындагы үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акылары бир баш үй жаныбары үчүн төмөнкүчө бекитилсин.
- Жылкы –70 сом
- Мал – 70 сом
- Кой -эчки – 15 сом
- Итке -70 сом
- Тоокторго – 5 сом
2. Арал айыл аймагында үй жаныбарларын ветеринардык талаптарга ылайык, белгиленген мөөнөттө сапаттуу вакциналар менен эмдөө Н.Ташматовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын экономика жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Омурзаковко жүктөлсүн
Төрага | А.Мустапакулов
|