АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-февралы № 3
Арал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Арал айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Арал айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Арал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондору үчүн Мамадалиев Омош , Калдаров Төрөбек , Эргешов Эгембай, Абдикаримов Айдарали “ Арал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
- Мамадалиев Омош , Калдаров Төрөбек , Эргешов Эгембай, Абдикаримов Айдаралиге берилген наамдар даярдалып, 21- март Нооруз майрамында салтанатуу түрдө тапшыруу айыл өкмөттүн башчысы Б. Мамадалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Мамадалиевага милдеттендирилсин.