Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 1
Жайыт боюнча сот процессине мыйзамдуу өкүл көрсөтүү жөнүндө
2009-жылдын 26 январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негиз айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын протоколун угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХХI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Төрөкуловдун 2015-жылдын 29- сентябрдагы №3 жайыттан баш тартуу каты жана Арал айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-октябрындагы берилген ишеним каты баштартууга ыйгарым укугу жок болгондуктан мыйзамсыз экени белгиленсин.
2. Достук айыл өкмөтүнүн жайытка пайдалануу укугу жок болгондуктан, ал жерлер берилбесин.
3. Арал айылдык кеңештин сот процессине мыйзамдуу өкүлүдөрү болуп Арал айылдык кеңештин депутаттары Оморов Талантбек жана Абдыкаров Асылбек дайындалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арал айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Омурзаковго жүктөлсүн.
Төрага | А.Мустапакулов
|