АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-апрели № 1
Ичимдик скважиналарга жаны насос сатып алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги меселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Арал айылдык кеңешинин социалдык, мыйзамдуулук, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын протоколу эске алынсын.
- Азыркы өгөчө кырдаалга (коронавирус) байланыштуу таза суу чыгаруучу скважинага жаны насосторду сатып алуу боюнча сатып
алуу мыйзамынын 21- статьясынын 4-6 пунктун негизинде жумуштар аткарылсын.
- Жергиликтүү бюджеттин акча каражаты эсебинен 2 скважинага жаны насос сатып алу үчүн макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы төрагаларына милдеттендирилсин.