АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 2
2021-2023-жылдарга бюджеттин болжолдуу киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүн ФЭБ б башчысы Ж.Акматалиевтин Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин 2021- 2023-жылдарга угузган бюджеттин болжолдуу киреше бөлүгүнүн долбоорун угуп жана талкуулап , “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жетекчиликке алып Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХХVI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылга карата Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу киреше бөлүгү 9368,0 миң сом, 2022-жылга 9534,0 миң сом, 2023 –жылга 9712,0 миң сом долбоору бекитилсин.
- 2021-2023-жылдарга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Жумалиевке милдеттендирилсин