Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 3
Жүк ташуучу автоунаалар Арал айыл аймагынан бөлүнгөн жолдон жүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүк ташуучу авто унаалар Арал айыл аймагынанатайын бөлүнгөн жол менен жүрүшсүн. Кум жана таш ташыганда техникалык
талаптарга ылайык жүк жүктөө, палаткалар менен жабып жүрүү жана айыл ичинде жол эрежелерине ылайык ылдамдыкта жүрүү милдеттендирилсин.
2. Райондук жол коопсуздук кызматынын башчысы менен биргеликте көзөмөлдөөнү уюштуруу айыл өкмөт башчысы Б.Мамадалиевке
милдеттендирилсин.
3. Жүк ташуучу автоунааларды такай көзөмөлдөө учаскалык тескөөчү Н.Мурзабековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арал айылдык кенешинин архитектура, курулуш жана комуналдык чарба боюнча туруктуу
комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мустапакулов
|