Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-октябры № 2
«Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каржатын бөлүп берүү жөнүндө»
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин инвентаризациялоого жана чек араларды тактоо үчүн
жергиликтүү бюджеттен 150 000 (жүз элүү миң сом) акча каржаты бөлүнүп берилсин.
2. Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин инвентаризациялоого жана чек араларды тактоо боюнча
документ иштерин аягына чыгаруу Ноокен айыл өкмөтнн башчысына жана жер маселелери боюнча адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Муратов |