Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 1
«Ноокен айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХVIII –сессиясы маселени карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокен айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановдун айыл аймактын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга долбору боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2020-жылга бюджетинин долбору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2020-жылга бюджетинин долбору №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына калган калдыгы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Кыргыз Республикасынын бюджетин укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине 2020-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1 % эсебине 162,1 миң сомдук Ноокен айыл өкмүтүнүн башчысынын резервдик фондусу түзүлсүн.
6.Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фонд, чегерүү, тамак-аш чыгымдарына) жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
7.Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин керешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановко жүктөлсүн.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Муратов |