Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 1
«Ноокен айыл аймагына Коронавирустун киришинин жана жайылышын алдын алуу максатында жолдорго постторду орнотуу жөнүндө»
Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX кезексиз сессиясы учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу ылаңынын кирүүсүн жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында, Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX – сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX кезексиз сессиясы учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу ылаңынын кирүүсүн жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында, Кыргыз республикасынын өкмүтүнүн чечиминин негизинде учурдагы кырдаалга байланыштуу, айыл тургундардын ички коопсуздугун алдын алуу үчүн айылга кирүү жана чыгуу жолдоруна блок-посттор коюлсун, Айылдарга кирүү жана чыгуу жолдорунда жүргөн жарандар жана автоунаалар көзөмөлгө алынсын.
2.Ноокен айылдык Кеёешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX кезексиз сессиясы учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу ылаңынын кирүүсүн жана андан ары жайылышына жол бербъъ максатында, орнотулган блок постторго ыктыярдуу топтор тартылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н.А. Муратов |