Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 2
«Ноокен айыл өкмүтүнүн 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндө»
Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX кезексиз сессиясы учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу ылаңынын кирүүсүн жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында Ноокен айыл өкмүтүнүн башчысы Ж.Эгембердиевдин сунушун угуп талкуулап Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX – сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX кезексиз сессиясы учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу ылаңынын кирүүсүн жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында, Кыргыз республикасынын өкмүтүнүн чечиминин негизинде учурдагы кырдаалга байланыштуу, күнүмдүк керектелүүчү беткап, антиспрей жана башка каражаттарга жергиликтүү бюджеттен 100,000 миң сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
2.Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХIX кезексиз сессиясы учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 жугуштуу ылаёынын кирүүсүн жана андан ары жайылышына жол бербъъ максатында, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен айылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, тоголок жетим, багары жок карыялар жана майыптар керектүү азык-түлүк менен камсыз кылынсын.
3. Токтомдун аткаруу Ноокен айыл өкмүтүнүн башчысы Ж.Эгембердиевке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н.А. Муратов |