Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-декабры № 11-8-1
Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында Майлуу-Суу шаарындагы ишкана-мекемелерине 2021-жылга 3 жумуш орунга квота бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295; 314 беренелерине ылайык шаарда эмгек рыногунда бирдей шартта атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуунун кошумча гарантиялары жөнүндөгү Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуу катын карап чыгып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII чакырылыштагы ХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуу каты жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295;328 беренелерине ылайык жана райондун аймагында менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдарда иштеген жумушчулардын орточо санынын Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин жарандардын категорияларын ишке кабыл алуу үчүн атайын жумуш орундарынын (квота) саны 2021-жылга карата Майлуу-Суу шаарындагы жалпы дарыгерлик борборуна, суу-канал мекемесине жана жашылдардыруу жана көрктөндүрү ишканасына 3 адам жумушка орнотуу квотасы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысына (А.Э.Сагындыкова) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жактан коргоо,билим берүү,саламаттыкты сактоо,укук коргоо,дин маселелери жана депутаттык этика боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (К.С.Базарбаев) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |