Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-январы ПЖ № 51 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасы менен саясий, соода-эко-номикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүк-түрүүнү камсыз кылуу максатында, токтом кылам: 1. Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Консулдугунун базасындаКыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Корея Рес-публикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсызкылуу маселелерин чечсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-ык келтирсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнөжүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев