МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10-8-5
Ѳзгѳчѳ кырдаалдарга кошумча акча каражатын бѳлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык Жарандык коргонуу комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы №7 протоколдук чечиминин негизинде Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун жана шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылыштагы Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаардык Жарандык коргонуу комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 7 протоколдук чечиминин негизинде шаардын мэри Н.А.Маматовтун жана шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартында ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгендигине жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы №7 протоколдук чечимин аткаруу ошондой эле Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында, атайын ѳзгѳчѳ кырдаалдарга каралган кол тийбес акча каражаттан (400,0 миӊ сом кол тийбес каражат) сырткары кошумча 800,0 миӊ сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык каржы бѳлүмүнүн башчысына (Г.С.Райимбековага) жүктөлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: | Б.К.Барбиев |