Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10-8-11
Мамлекеттик каттоого алынбай калган жерлерди, үйлѳрдү каттоого алуу жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевтин Майлуу-Суу шаарындагы убагында каттоого алынбай калган жер тилкелерин (үйлѳрдү) мамлекеттик каттоого алып, мыйзамдуу документтештирүү жѳнүндѳ докладын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевтин доклады жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы убагында (1990-жылдарга чейинки) каттоого алынбай калган жер тилкелерин (үйлѳрдү) мамлекеттик каттоого алып, мыйзамга ылайык укуктук документ жасоо үчүн шаардык мэриянын жер боюнча комиссиясында каралып, комиссиясынын чечими менен уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (А.И.Айтиевге) жана шаардык мэрияга жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин ѳнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Э.Малабековко) жана шаардык мэрияга жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |