МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10-8-12
Согуш ардагерлерине “Майлуу-Суу шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде маалыматты карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылыштагы Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы К.С.Базарбаевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери Абдуллаев Ташболот Абдуллаевич жана Кадыркулов Болуш «Майлуу-Суу шаарынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.С.Базарбаевка) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |