МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10-8-14
Шаардык билим берүү бѳлүмүнүн эсебинен 250,0 миӊ сом акча каражатын беренеден беренеге которууга уруксат берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн 2020-жылдын 03-июлундагы чыг.№01-04/321сандуу катын карап, чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн 2020-жылдын 03-июлундагы чыг.№01-04/321 сандуу каты жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн балдар бакчалары үчүн 2020-жылга каралган акча каражаттан 22181100 беренесинен үнѳмдѳлүп калган 250,0 миӊ сом акча каражатын 22221200 беренесине (медициналык каражаттарды сатып алуу үчүн) которууга уруксат берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн башчысына ( Д.И.Караевага) жүктөлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаровко) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: | Б.К.Барбиев |