Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 52
CASA – 1000 долбоорун алкыгында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомунун негизинде, CASA – 1000 долбоорун алкыгында айыл өкмөтүнүн аймагынан электр чубалгыларын өткөрүүгө 500Кв тук аба чубалгыларын куруу үчүн айыл өкмөтунун аймагынан жалпы 32148м2 жер аянтын бөлүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
токтом кылат:
1. CASA – 1000 долбоорун алкыгында айыл өкмөтүнүн аймагынан 500Кв тук электр чубалгыларын куруу үчүн айыл өкмөтунун аймагынан жалпы 32148м2 жер аянтын анын ичинен электр тирөөчтөрүн орнотууга 20356м2 жер аянтына бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Б.Дубанаев |