Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 50
Капчыгай айылынын эски көпүрөсүн жаңыдан куруу боюнча
“2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо” жөнүндөгу Кыргыз Рспубликасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети датацияда тургандыгын жана Ак-Сай айыл аймагында чек ара чыр чатактар орун алып, Капчыгай айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүрүүдө элдин, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өмүрүнө кооптуу абал жаралгандыгын эске алып Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылын Баткен району менен байланыштыруучу эски көпүрөсүн жаңыдан куруу жагы Кыргыз Ресупубликасынын Транспорт жана жол министрлигинен суралын.
4. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Б.Дубанаев |