Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 41
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин, Өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы № 21, 2017-жылдын 01-июлундагы № 95 мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элдин муктаждыктарын чечуу максатында Көк-Таш айылынан 0,20га жер тилкесине соода сатык дүкөнүн курууга жер тилкесин трансформациялоо максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы №735-контурундагы суугат айдоо жер тилкесине соода сатык дүкөнүн куруу максатында 0,20га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Б.Дубанаев |