Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2020-жылдын 20-майы № 68
2020-жылдын 25-февралындагы № 57 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
CASA-1000 жогорку чыӊалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу максатында , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун , Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Ак-Татыр айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагына CASA-1000 жогорку чыӊалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн № 4442,4421,5302,4235,5384,5485,5481,5499, 5520,5514-контурларыдагы 6469 м.кв. мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жана айыл өкмөтүнүн кароосундагы № 961,957,904,902,873,864,4798,4797,4666,4664,4671,4663,4677, 4687,4683,4644,4641,4639,4440, 4477,4448,5482-контурларындагы 11383 м. кв. жайыт, жалпы 17852 м.кв. жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын ,энергетиканын ,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага |
Ибраим уулу Т. |