Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2020-жылдын 20-майы № 69
Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Баткен районунун Т Садыков атындагы орто мектебинин мугалимдерин сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө аталган мектептин директору М Мамажунусованын билдирүусүн карап чыгып жана талкуулап Ак – Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук билим беруу бөлүмүндө Т Садыков атындагы орто мектебинин тарых мугалими Туратова Бүүсара Айтматовнаны Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” наамына көрсөтүлсүн .
2. Баткен райондук билим беруу бөлүмүндө Т Садыков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Даабеков Абдинавини Кыргыз Республикасынын “Ардак граммотасына ” көрсөтүлсүн .
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы К Маматалиевке жүктөлсүн .
Төрага |
Ибраим уулу Т. |