Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 71
Коронавирустук инфекциясынын жайылышынын мындан ары көбөйүүсүн болтурбоо боюнча иш аракеттердин жүрүшү жөнүндө
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин төрагасы Ибраим уулу Талантбектин жана Ак-Татыр айылындагы № 1 чи ФАПтын дарыгери Кошназаров Жолчунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Ак – Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл аймагыдагы бардык коомдук тамактануучу жайлар, базарлар 2020-жылдын 1-августуна чейин ишмердүүлүгү токтотулсун.
2. Айылдарда той- мааракелер ,туулган күндөр , кадымдар, патаачылар жана башка көп адам поптолуучу салтанаттар жана иш чаралар убактынча токтотулсун.
3. Айылга сырттан келгендерди 14 күндүк үй карантининде кармоону айыл башчылар медиктердин жардамы ишке ашырышсын.
4. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн элине коронавирустук илдеттин жайылышынын мындан ары көбөйүүсүн болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери мечиттин имамдары менен биргеликте үн күчөткүчтөр жана кулактардыруулар аркылуу жайылтылсын.
5. Айыл өкмөттүн аймагыдагы мектептер, балдар бакчалары , мечиттер,китепканалар жана башка коомдук жайларды дезинфекциялоо жана оорууга чалдыккандарды текшерип чыгуу үчүн айыл өкмөттүн эсебинен акча каражаты бөлүнүн берилсин.
6. Антисептикалык каражаттар менен коомдук жайларды жана эл көп топтолгон жерлерди дезинфекциялоо жүргүзүлсүн.
7. Акча каражаттарды бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Сарпарова милдеттендирилсин.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
Ибраим уулу Т. |