Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2020-жылдын 10-июлу № 73
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2020- жылдын биринчи 6ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2020-жылдын биринчи 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча жайыт комитетинин башчысы Өмүров Максаттын докладын угуп жана талкуулап Ак – Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2020-жылдын биринчи 6 ай ичинде аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кийинки отчеттук мезгилге чейин жайыт акыларды толуктап жыйуу, бузулган шлангаларды оӊдоп водопойлорго сууну үзгүлтүксүз жеткирүү сыяктуу кемчиликтер жоюлушу Өмүров Ибраимге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .
Төрага |
Ибраим уулу Т. |