САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясын
2020-жылдын 23-июну № 45
Айыл аймагындагы билим берүү,бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдоо иштеринин жүрүшү боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы К.Таабалдыеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин ХI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл аймагындагы мектептердин,бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата оңдоо-түзөө иштеринин жүрүшүндө кемчиликтер бар экендиги аныкталды.
- Мектептерде, бала бакчаларда оңдоо-түзөө иштерин тездетүү жагы колго алынсын.
- Жергиликтүү бюджетте бөлүнүүчү акча каражаттарын бөлүп берүү 10-июлга чейин камсыз кылынсын.
- Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу өз учурунда пайдалануу,оңдоо-түзөө иштерин сапаттуу бүткөрүү мектеп жана балдар бакчаларыны жетекчилерине милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелр боюнча туруктууу комиссиянын төрайымы К.Таабалдыевага милдеттендирилсин.
Сессиянын төрагасы: | М. Тулаев |