Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясын
2020-жылдын 23-июну № 48
Жол белгилерин орнотуу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жол коопсуздугун сактоо максатында Паскы-Арык жана Жаны-Бак айылдарында жайгашкан борбордук автоунаа жолдорго жол белгилерин орнотуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык жана Жаны-Бак айылдарындагы борбордук көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча тиешелүү мекеме ишканаларга айыл өкмөтү тарабына жолдомо каттар жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Шайдуллаевге тапшырылсын.
Сессиянын төрагасы: | М. Тулаев |