Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2020-жылдын 15-июнун № 20
“Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун Баткен шаарында ишке ашыруу иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 8-июндагы “Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын жонундо насыялык макулдашууга жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Баткен шаардык Кеңеши макулдук берип, Баткен шаарынын мэриясынын, Таза суу муниципиалдык ишканасынын жана ЕБРРдин ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Суб-кредиттик макулдашуу 2016-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жана Баткен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн. Жогорудагы макулдашуулардын негизинде аталган долбоор жүзөгө ашырыла баштаган.
Долбоордун биринчи траншында каралган сумма 4 млн евро анын ичинен 2,5 млн евросу грант түрүндө,же 62,5 %, 1,5 млн евро кредит катарында каралган, же 37,5 %.
долбоорго ылайык, Баткен шаарынын калкы жыш жайгашкан (2000 кожолук жашаган) зонаны алып приоритеттик зона деп эсептеп, ал жердеги суу системасын толугу менен жанылап суу счетчиктерин орнотуп элге 24 саат суу беруу пландаштырылып ишке ашырылып жатат.
Мындан сырткары, Баткен шаарына башкы суу алынуучу Сары-Таш участкасын толук реабилитациялоо жумуштары аткарылууда, объект бүткөрүлгөндөн кийин шаардын калкын ар жыл сайын 5 ай электр энергия пайдаланбай (насостор, скважина) суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Сатып алуу планына ылайык долборду аткаруу жалпысынан төмөндөгүдөй компоненттерге бөлүнгөн:
1. Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникаларды жана жабдууларды сатып алуу.
2. Таза суу ишканасы үчүн лабороториялык бөлмөлөрү менен чогуу имарат салуу.
3. Суу системасын жана саркынды суулардын тутумдарынын курулушу.
2018-жылы тендерлер өткөрүлүп алардын жйынтыгы ЕБРР тарабынан жактырылгандан кийин женүүчү деп табылган компаниялар менен контракт түзүлүп жумуштар башталган.
1. Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникаларды жана жабдууларды сатып алуу
боюнча «Хаят групп» компаниясы (Азербайжан Республикасы) жеңүүчү болуп табылып контрактка 26 –ноябрь 2018-жылы суммасы 229 300 еврого кол коюлган.
Сатып алуу планына ылайык, көрсөтүлгөн техника менен жабдыктар толук келген. Алар төмөнкү техникалар: экскаватор Хундай (корея) -1 даана, ассенизатор машина -1 даана, Нива лада- 1 даана, суу системасын пайдаланууда керектелүүчү атайын жабдыктар жана ичүүчү сууну лабароториялык анализдерин аныктоочу жабдыктар келген жана Таза суу ишканасы пайдаланып жатат.
2.Таза суу ишканасы учун административдик имарат лабороториясы менен куруу үчүн 19- сентябрь 2018-жылы подрядчы ОсОО «Снайпер» менен контракт түзүлүп курулуш жумуштары башталган суммасы 129 622 евро .Имарат толугу менен 2019-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилген . Азыркы учурда Таза-Суу ишканасы тарабынан имарат пайдаланып толук кандуу иштеп жатат.
3.Үчүнчү компонент суу системасын жана саркынды суулардын тутумдарынын курулушу уч лотко бөлүнгөн:
1.Приоритеттүү зона үчүн жалпы суу системасын жаңыдан куру жана 2000 кожолукка уйлөрүнө суу эсептегич орнотуп суу киргизүү, Сары-Таш суу алуучу жайды калыбына келтирүү;
2. Канализация тутумдарын куруу жана булганыч сууларды тазалоочу жайдагы кээ бир жабдыктарды алмаштыруу;
3.Чет-Булак участкасы үчүн жаны суу скважинсын казуу,1000 куб метр сыйымдылуктагы суу кампасын тиешелүү керектүү имараттары менен кошо куруу жана скважинадан суу кампасына чейин суу түтүктөрүнүн курулушу;
Жогорудагы жумуштарды аткаруу үчүн тендерден уткан «Агидель-Ас» (Казахстан) компаниясы менен түзүлгөн контрактка 2018-жылдын 10-декабрында кол коюлуп, жалпы суммасы 3млн 248 мин 80 еврону түзгөн. Суу жана канализации боюнча курулуш жумуштары 2019-жылдын февраль айында башталып, ушул мезгилге чейин жалпы курулуш жумуштардын аткарылганы 2млн 357 мин 030 евро же 72 %.
Биринчи лот боюнча аткарылганы 74%, курулуш жумуштары журуп жатат негизги суу баруучу түтүктөр диаметри 75-355мм каралган жалпы узундугу 39,5 км, жаткырылганы 34,2 км жана үйлөргө киргизилүүчү 20-25мм суу түтүктөрү жалпы жаткырылуучу көлөмү 50км жакын жаткырылганы 34 км ашык. Приоритеттуу зонадагы үйлөргө суу счетчиктеди орнотуу жумуштары жүрүп жатат жана бул зонанын бир бөлүгүнө текшерүү үчүн суу берип трубаларды тазалоо жумуштары аткарылууда. Ошондой эле Аэропот участогунан борбордук бөлүккө чейин коюлуучу 355мм диаметрдеги труба М.Нургазиев көчөсү менен жаткырылган.
Сары-Таш суу алуучу жайда жумуштар уланып суу алуучу жайдын бетине таштарды жаткыруу жумуштары аягына чейин бүткөрүлүп шаарга келүүчү түтүккө суу бурулган..
Биринчи лот боюнча жумуштар подрядчы Агидель-Ас уюму тарабынан жүргүзүлүүдө, бирок дуйнөдөгү жана өлкөдөгү COVID -19 абалга байланыштуу жумуштарды толук аяктоо мөөнөтүнөн кечиктирилген. Контрактга ылайык жумуш 2020-жылдын июнь айына аяктоо каралган. ЕБРР тарабынан сентябрдын аягына чейин узартылып берилген.
Шаар мэриясы тарабынан Подрядчы Агидель-Ас компаниясына 2020-жылдын сентябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүү тапшырмасы коюлган жана Мекеме өз аракеттерин көрүүдө.
Экинчи лот боюнча аткарылганы 93%, долбоор боюнча 3600 метр канализация линиясы жаткыруу керек болсо толук аткарылган, булганыч сууларды тазалоочу жайдагы жумуштарынан насос алмаштыруу жана хлоратор орнотуу калган.
Учунчу лот боюнча аткарылганы 43%, Чет-Булак участкасында 1000м3 суу кампасынын курулушу жүрүп жатат, жакынкы күндөрү скважина казуу жумуштары башталары күтүлүүдө, скважинадан суу кампасына чейинки аралыктагы 2600 метр суу түтүгү жаткырылган.
Подрядчы «Агидель-Ас» компаниясы тарабынан жогорудагы жумуштарды аткарууда иштеп жаткан техникалар: экскаваторлор- 8 даана, жүк ташуучу машиналар -4 даана, жана башка тиешелуу жабдыктар менен камсыз болгон. Жумуш аткарып жаткан бригадалардын саны 5 жалпы жумушчу адистер 30 адам.
Долбоордо тендерден экономдолгон 377 мин еврого кошумча жумуштарды аткаруу учун долбоор шаар мэриясы тарабынан атайын долбоор даярдалып Аим Техас компаниясы тарабынан сметасы эсептелип кароо жагы ЕБРРге жөнөтүлгөн. Банк тарабынан жактырылып кошумча контракт түзүлгөн. Алар аэропорттон туураташтагы резервуарга чейин 355мм 1650 м. труба жаткыруу атайын приоритеттик зона учун, Четбулакка 3000м труба жаткыруу 110мм, жана 2500м диаметри 180мм труба Жибекжолу-Садыков кочолоруно каралган.
Долбоорду сапаттуу жузого ашыруу учун чет элдик Аим Техас консультациондук компаниянын 2 технадзору, Тазасуу ишкансынан ОРП жетекчиси, башкы инженери жана Баткен шаар мэриясы тарабынан долбоорду аяктап кабыл алып толук кандуу суу берилгенге чейин көзөмөлдөнүп турат. Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун Баткен шаарында ишке ашыруу иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин.
2.Долбоордун аткарылган 1-транщын кабыл алууда түзүлгөн жумушчу комиссияга, долбоор талапка ылайык аткарылгандыгын дыкат иликтеп, кабыл алуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
-кабыл алынган 1-транщтын ишине жана 2-транщты аткаруу башталгандыгын, кийинки кезектеги сессияда толук маалымат берилсин
3.Долбоорго камтылбай калган шаар ичиндеги көп кабаттуу үйлөргө таза суунун жалпы шаарга берилүүчү сууга кошуу планын иштеп чыгуу жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ жана Баткен таза суу ишканасына /С.Шайдуллаев/ тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Добутов) тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |