Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2020-жылдын 15-июну № 21
Коомдук тартипти коргоонун абалы тууралуу, шаардагы жол кайгуул кызматынын жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын Баткен шаарында аткарылып жаткан иштери жөнүндө
Баткен ШИИБнын тарабынан 2020–жылдын 5 ай ичинде шаардын аймагында коомдук жайларда 3 кылмыш ал эми 2 жорук катталган. Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан белгисиз жагдайда 2020-жылдын 5-ай ичинде 1 кылмыштын бетин ачылган эмес, 1 жорук ишинин бети ачылган. Ал эми башка кызматтар менен биргеликте 4-кылмыштын бетин ачууга катышышкан. Баткен ШИИБнун ККК МУУ тарабынан өздөрүнүн тейлеген аймактарында паспорт режим боюнча (814) 1202 кожолук үймө-үй кароо жүргүзүлүп анын ичинен (3256) 1829 тургундар текшерилип чыккан. .Паспорттук режим учурунда элдерге жаш өспүрүмдөргө балдарды көп убакытка көзөмөлсүз калтырбоо жактары ар бир ата-энелерине эскертилип чыгууга жетишилген. Андан сырткары кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ошондой эле кылымыштарды бетин ачууда мал уурдоо фактыларынын алдын алуу боюнча элдерге мал сарайларын жарыктандыруу эшиктерге замокторду салуу боюнча тийиштүү кызматтар менен биргеликте ар тараптуу түшүндүрүү иштери уюштурулуп алып барылды.
Шаар аймагында Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси боюнча укук бузган атуулдардын жалпы саны- 101 протокол түзүлүп 322,000 сом айып салынган анын ичинен 123,000 сом өндүрүлгөн.
- шарттуу түрдө соттолгондор-33;
- төзөтүү мекемелеринен бошоп келгендер - 1
- түзөтүү мекемесинен мөөнөтүнөн мурда чыккан атуулдар (УДО) - 1,
- ок атуучу куралы бар мергенчилер – 128
-үй-бүлөдө зордук зомбулук жасаган атуулдар-3
-психикалык жактан ооругандар-3
-аракечтер-11
-Чет өлкөлүк жараандар же жарандыгы жок атуулдар-2
Профилактикалык каттодо турган атуулдар менен ай сайын алардын тууган уруктарынын жана жакындарынын катышуусунда ар бири менен ангемелешүүлөрдү өткөрүп келет.
2020-жылдын 5 ай ичинде жыл башынан баштап аймактык тескоочулор коомчулук алдында аткарган иштери тууралуу (15)8 жолу отчетторун беришти, жалпы (975) 1829 атуулдар катышышкан. Ошондой эле отчеттук мезгилде КААБна бир да материал жонотулгон эмес. Аймактык тескоочулор тарабынан шаардын аймактарында жалпы профилактикалык багытында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытта 4 жолу «Арсенал» операциялар өткөрүлүп ок атуучу куралы бар каттоодо турган 21 атуулдун уйлоруно барып ок атуучу куралын сактоо абалын жана уруксат кагаздарын текшерип КРнын БжКнин 84-беренесинин негизинде 14 атуулга протокол толтурулуп эскертилди, КРнын БжКнин 85-беренесинин негизинде 12 атуулга протокол толтурулуп 12000 мин сом айып салынган.
Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан 2019-жылда 5-айында 3-кылмыш иши катталса 2020-жылдын 5-ай ичинде кылмыш иши катталган эмес. Ошондой эле, 2020-жылдын 5-ай ичинде жаш өспүрүмдөргө карата карата зомбулук кылмыш иштери катталган эмес. Жорук иши боюнча 1 жаш өспүрүмгө карата зомбулук фактысы катталган.Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында ШИИБныны ЖИИ 10- жаш оспурум профилактиткалык атайын каттосунда турат.Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жана өспүрүмдөр арасындагы ар кандай кокустуктардын, боодо кырсыктардын алдын алуу максатында 80 жолу ар кандай темаларда лекциялар окулган.Балдар иштери боюнча комиссиянын КДН кароосуна 3 материал ,Баткен билим борборуна 2,Суу Башкармалыгына 1,Баткен мэриясына 2 сунуш жиберилген. Анын ичинен комиссиясынын кароосунда 3-материал каралып,өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эскертүүлөр берилген.2020-жылдын 4-ай ичинде шаардын аймагында 12-жолу “Кайрадан мектепке” «Рекетке каршы», «Кайырчы» жана «Камкордук» «Безпризорник» «Антирекет» «Забота» “Допинг” “Селсаяк” “өспүрүм” “Лидер”жана башка рейддик иш чаралары өткөрүлдү. Баткен шаарынын аймагында жалпы билим берүү мекемелери 19. Анын ичинен мамлекеттик мектептер 9, проф. лицей – 1, орто окуу жай 3, жогорку окуу жай 1, Баткен областык жатак гимназия 1,медресе 2, билим борбору 2.
COVID-19 илдети менен күрөшүү учурунда Баткен ШИИБнын өздүк курамы толугу менен шаардын аймагындагы кварталдарда иш алып барылды шаардын аймагындагы соода сатык туйундорун эл көп топтолгон жерлерде түшүндүрүү тартипти сактоо иштери жүргүзүлгөн.
Баткен шаарынын аймагында 2020-жылдын 5 ай ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Баткен ШИИБнын ЖККБ тарабынан аткарылып жаткан иштерини тууралуу талкуу шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясында маалымат уктурулуп сын сунуштар берилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тарабынан кабыл алган мыйзамдардын негизинде,Кыргыз Республикасынын БЖК,ИИМдин ЖКККББ нын буйруктарынын негизинде Баткен шаарынын аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп 1308 айдочууга БжК 119 беренесинин талаптарына ылайык бузуу жасагандыгы үчүн протоколдор түзүлүп, 2 219 500 мин сом айып пул салынган. Салынган айып пул республикалык бюджетке төгүлөт.
Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖКЭнын 1.23,1.25,2.1,2.4,2.5,3.1,3.4,3.24,3.27,3.28,3.29,3.30,3.33 талаптары аткарылбай жаткандыгын маалыматын билдирди. Билдирүү бул шаардын аймагындагы белгилердин жоктугу жана светофор иштебегендигин билдирет.
Баткен шаарынын аймагында 2019-жылы башталган Таза Суу иштери шаардын ички жолдорун бузуу менен шаардын аймагындагы авто унааларга жол кырсыгын алып келишин билдирип жол коопсуздугун сактоо үчүн жакынкы арада таза суу иштери менен бузулган жолдорду ондоо түзөтүү жол бергилери жок жерлерге коюу биргеликте сунушталат.
Баткен шаарынын түнү аралап өткөн оор жук ташыган автомашиналарга бөгөт кою ишин жандандыруу жана катуу көзөмөлгө алуу иши тууралу сөз болуп көзөмөлгө алуу жагы сунушталды.
Баткен шаарынын аймагына кум,топурак оор жүк ташыган автомашиналар үстүн жабып ташылбаса жол коопсуздугун бузуп жолдогу жеңил автомашиналарга зыян келтирип авария алып келтирет.
Баткен шаарында азыркы учурда 5 такси парк бар экендигин билип ошол такси паркттарга жай бөлүштүрүп алардан шаардын бюджетине акча түшүрүү жана Баткен ШИИБнун ЖККБнын такси паркка көзөмөл алуусун сунуштоо себеби кээ бир таксилер талапка жооп берилбегендиги.
Баткен шаарындагы жол белгилерин зебраны жыл сайын оңдоп түзөө сунушталат.
Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө 2020–жылыдын 5 ай ичинде 530 обьект эсепке алынып, аталган обьектилерде мекеме ишканаларда, базарларда, мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде өрттүк ченемдерди сактоо жана аткаруу, өрт коопсуздугун алдын алуу, өрт коопсуздук эрежелерди сактоо максатында 5 жолу 194 адам менен лекция, 42 жолу 1579 адамдын катышуусунда нускамлоо жана маектешүү (инструктаж ) өтүлгөн.
Андан сырткары 2020–жылдын 5 ай ичинде Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектептеринде практикалык машыгуулар өткөрүлгөн, бекитилген пландын негизинде (2-жолу) Баткен шаарындагы борбордук базарында өрттүк тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Баткен шаарындагы мектептердин окуучуларына №26ӨККБнө экскурсиялар уюштурулуп, мектептерде ыктыярдуу жана жаш ыктыярдуу өрттөн сактоо кошундары менен биргеликте практикалык машыгуулар өткөрүлгөн.
Баткен шаардык ӨКБнүн инспекторлор курамы тарабынан өрткө каршы алдын алуу, Өрт тилсиз жоо, Өрт кырсыгы, Өрт коопсуздугун өзүбүз сактайлы темаларда 5 макала шаар аймагындагы жергиликтүү, “Өрүкзар”басма сөз беттерине чыгарылган. Шаардык “Радио Салам” үналгысынан 2 жолу уктуруулар жана Баткен областык медиа борборунун 2 телеберүүлөр берилдип жасалган иштер шаар калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоого жетишилген
Баткен шаарында ушул жылдын 5 ай ичинде 16 өрт кырсыгы катталган. Анын ичинен парда дүкөн 1, электр мамыча 1, мончо 1, мал сарай 2, жол коопсуздугун көзөмөлдөө пункту 1(пост ГАИ), газ балон 2, кургак чөп 5, жалган чалуулар 3. Баардык өрттүн түздөн-түз чыгымы 159515 сомду түзүп, 3300000 сом материалдык баалуулуктар сакталды.
Ошондой эле шаар аймагында 3жолу куткаруу иштерине чыгып жол кырсыгынан 2 адам куткарылган.
КРнын аймагында катталган Коронавирус илдетинин жоюу жана сактануу үчүн вирустун алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө максатында Баткен шаардык мэриясынын 2020-жылдын 19-мартындагы буйругун негизинде шаардын аймагында “Күчөтүлгөн” режими киргизилген. Баткен шаардык штаб түзүлүп бүгүнкү күнгө чейин штабда 5 офицер жумуш алып барууда. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар киргизилген Баткен шаарынын жана Баткен районунун аймагында КР ӨКМдин Баткен шаардык-райондук ӨКБнүн өздүк курамы гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө жүктөө түшүрүү иштерин аткарып күнү-түнү кызмат кылып келген. Бүгүнкү күндө Баткен шаарындагы обсерваторияларда жарандарды тамак-аш менен камсыздоодо жана коопсуздуктарын сактоо үчүн 5 офицер.Вирустун алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө максатында Баткен шаардык ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын баардык көчөлөрүнө дезинфекциялоо иштери аткарылып келүүдө. Баткен шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук имараттардын айланаларына 3117300 м2 жерге 1387кг хлорду сууга аралаштырып дезинфекциялоо иштери аткарылган.
Баткен шаардык ӨКБмү тарабынан Өзгөчө кырдаалдардын атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш планына Баткен шаарынын аймагына 2020-жылга карата 2 иш чара киргизилген.
1. Кызыл-Жол кварталы Бам участкасы сел келүүчү сайдын 50 аралыгын габион торчо менен бекемдөө. Сметалык баасы 76680сом.
2. Кызыл-Дөң кварталы Бакай-Ата участкасы жөө өтүүчү көпүрө куруу. Сметалык баасы 211125сом.
2021 жылга карата ОКМ Баткен шаардык болуму менен биргеликте иш алып баруу.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарында коомдук тартипти сактоо жана болтурбоо максатында Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардагы жол коопсузудун алдын алууда жол копсуздунун, шаарда өзгөчө кырдаалдар кызматынын аткарып жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтердин бар экендиги көңүлгө алынсын.
2.Шаардагы жол коопсуздунун алдын алуу жана болтурбоо максатында, шаардын ички жолдорунун жол белгилери өз орундарында талапка ылайык жасалуусу, жол сызыктарынын тартылуусу, жол чырактар (светафор) талпка ылайык иштеп туруусун тез арада камсыздоо жагы ММД башчысы А.Акматовго милдеттендирилсин.
3.Шаарда өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алдын алуу үчүн сунушталган иш чараларды турмушка ашыруу жагы тапшырылсын:
-Сел араларга габиондорду орнотуу, ачык дренаждарды казуу, сел арга жол көпүрөөсүн орнотуу
-Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2021-жылдын иш планына кварталдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн заявка берүү жагы ММД башчысы А.Акматовго тапшырылсны
4.Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылмыштуулук, депутаттык мандат жана этика маселелери боюнча турктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |