Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2020-жылдын 15-июну № 22
Шаар калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо тууралуу, канализация жана тазалоочу курулмалар системасынын ишин камсыздоо, тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө»
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза Суу» муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылууда жана саркынды сууларды тазалоодо тиешелүү милдеттерине ылайык төмөнкүлөрдү аткарышкан:
Таза Суу жетишсиздиги боюнча шаар калкынан 2020-жылдын башынан 1-июнга чейин жазуу түрүндө 69 ал эми ооз эки түрүндө 30 арыз түшкөн, алардын ичинен 85 арыз аткарылып, арыз ээлерине маалымат берилген. 2019-жылга салыштырмалуу 32 арызга аз түшкөн:
Баткен шаардык кенешинен, Баткен шаардык мэриясынан жана мекеме ишканалардан ар тараптуу түшкөн каттардын жалпы саны 9 анын ичинен каттарга жооп жазылып аткарылганы 9. «Таза Суу» муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын калкын таза суу жана сыркынды суулар менен тейлоо боюнча жалпы 39 кызматкер эмгектенишет. Анын ичинен АУП 10, өндүрүштүк кызматтагылар – 19, Абоненттик тейлөөдө – 4, Саркынды суулар менен тейлоодо – 6.
2020-жыл үчүн 9880 000 сом бюджет бекитилген б.а.ар айга 823 300 сомду түзөт. 2020-жылдын I кварталлында аткарылганы 1 730 745 сом акча топтолгөн. Ар ай сайын жыйналуучу таза суу акыларына жана саркынды сууларга шаар тургундары ар турдуу шылтоолор менен ошондой эле Өлкөбүздө түзүлгөн COVID -19 кырдаалга байланыштуу 823 300 сомдун ордуна орточо 576 915 сом акча жыйналган. 2018-2019-жылдардагы кирешеден түшкөн,киреше салыгы жалпы суммасы 285 183 сомду түзүп, бүгүнкү күндө 214 120 сомду төлөнгөн. «Таза Суу» муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын элин таза суу менен эртен менен саат 7-00 дон кечки саат 20-00 чейин шаарга таза суу беруу графиги менен ар бир график боюнча 3 сааттан суу берилет.
Таза сууну негизинен жер астынан суу кудуктар (скважина) менен чыгарылып суу кампалар толтурулат. Бүгүнкү күндө Таза Суу ишканасында 4 суу кудуктар (скважиналар) иштеп турат. б.а. Чет Булак массивинде 1 суу кудук,Туура Таш участкасында 1 суу кудук, башкы суу сактагыч кампасында 2 суу кудук Андан тышкары Сары-Таш суу алуучу жайы бар. Сары-Таш суу алуучу жайынан апарель айынан октябрь айына чейин суу келе баштайт. 2019-жылы Сары –Таш суу алуучу жайынан суу келе баштаганда 1суу кудук токтотулган. Ал эми быйыл 2020 –жылы ЕБРР тарабынан каржыланган “Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун алкагында Сары Таш участкасын толук реабилитациялоо жумуштары аткарылып,бүгүнкү күндө Сары-Таш суу алуучу жайынан 60-70л/сек суу келип, 2 суу кудуктар (скважина) токтотулган.
Лесхоз суу тундургуч базасында 500 м3 эки даана суу тундургуч кампасы көп жылдан бери иштебей жараксыз болуп, ремонт жумуштарын талап кылып турат. Себеби бүгүнкү күндө Лесхоз суу тундургуч кампасы иштебегендиктен Сары-Таш участкасынан келүүчү таза суу түз өтүп, ылайкаланган суу Баткен шаарындагы башкы суу кампасында кум таштарга, ылайларга толтуруп коюп жатат.Айрыкча жаз айларында сел жүргөн мезгиде суулар көп ылайкалангандыктан сууларды башка жакка бурууга аргасыз болунат. Бул көйгөйдү чечүү эң зарл шарт экендиги комиссия белгилейт.
Башкы суу сактоочу базасында 2000 м3 эки даана жана 1000 м3эки даана.суу сактоочу кампалар бар. Бир 1000 м3 кампасы толук бойдон капиталдык ремонтту талап кылат. Бүгүнкү күндө убактылуу иштебейт. Шаарга күнүнө 5000 м3 ашык таза суу берилип жатат.
Берилип жаткан таза суунун 60 % жакыны суу тутуктордун эскилигинен жоготууларга дуушар болууда. Баткен шаары боюнча жеке уйлоруно таза суу тартылган 1035 абонент бар. Көчөдөн таза суу пайдаланышкан 4262 абонент бар. Коммерциялык ишканалар жана жеке ишкерлер 92 абонентти түзөт. Бюджеттик ишканалар 59 ишкана.
«Таза Суу» муниципалдык ишканасынын негизги аткарып жаткан жумушу таза суу түтүктөрүн ремонтто жумуштарына көбүрөөк басым жасалууда. Себеби Баткен шарындагы таза суу линиялары 1959-1961 жылдарда асбесс трубалар менен курулгандыктан, эскилиги жетип ремонт жумуштарын көп талап кылууда. Ошондой эле шаарда жүрүп жаткан жаны долбоордун жер казуу жумуштарында биздин таза суу линияларыбыздын көпчүлүк жерлерин жараксыз абалга дуушар кылып, суу берүү грфиктерин өзгөртүүгө туура келген. Кээ бир күндөрү эки үч күнгө, андан да көп күнгө чейин суу берилбей калган күндөр болгон. Бул боюнча жергиликтүү телевидения аркылуу элге маалымат билдируу берилип турат. Ошол себептен элдерге сууну график боюнча жогоруда айтылган кемчиликтерге байланыштуу толук жеткизе албагандыгы элдерден таза суу акыларын жыйноодо кыйынчылыктарды жаратты. Ушул күнгө чейин таза суу линиялары жана сууну бөлүштүргүч тетиктер (задвижка) алмашылып, толук ремонттолгон эмес. Таза суу линиялары суунун басымына туруштук бере албай сууну чыгарып жиберүүдө. Ал эми сууну бөлүштүргүч тетиктер (задвижка) күнүнө үч жолудан сууну ачып, жаап туруучу жумуштар болгондуктан туруштук бере албай жатышат. Ошого карабастан мүмкүн болушунча аракеттерди жасап сууну болуштуруучу тетиктер (задвижка) алмаштырып, ремонт жумуштарды жасап жатат. Күнүмдүк жүргүзүп жаткан ремонт жумуштарынан башка иш планы боюнча Кызыл-Жол кварталынын Кара-Тоо учаскасына толук таза суу чыгаруу жана Булак-Башы кварталына коз карандысыз 480 метр таза суу линиясын тартуу пландаштырылып жатат.
Саркынды суулар боюнча жалпы 392 абонент бар. Анын ичинен -жеке турак уйлор 355 абонент. Коммерциялык ишканалар 28 абонент, Бюджеттик ишканалар 9 абонент. Бир айга план боюнча 61 мин сом акча каражаты каралган. Фактически орто эсеп менен бир айда 17 мин 500 сом акча каражаты жыйналган. Мындан тышкары саркынды сууларды тазалоочу жай ремонт жумуштарын талап кылат.Азыркы учурда Жаман Тукум участкасынан баштап саркынды суулардын колодецтерин жана турбаларын тазалоо жумуштарын башталган.
Тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылынуу жумуштары толук кандуу чыгарылып, жок кылынуу иштери жетишсиз. Эски жылдардан калган таштандыларды акырындык менен ташып чыгаруу иштери жүргүзүлүп келет. 2020-жылдын январь айынан июнь айына карата жалпы 1588.43 тонна таштанды чыгарлылып атайын жайга жеткирилген. Бирок атайын жайлардагы таштандыларды жок кылуу үчүн таштандылардын бетип жабып көмүү иштери жетишилбей келет.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо жана канализация жана тазалоочу курулмалар системасынын ишин камсыздоодо Баткен –Таза Суу муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери көңүлгө алынсын.
-шаар ичиндеги таштандыларды алып чыгуу жана таштандыларды атайын жайларга алып чыгуу, тиричилик калдыктарын жок кылуу иштеринде кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2.Шаар калкына ичүүчү таза сууну график менен үзгүлтүксүз берип туру жагы шаардык Таза суу муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3.Шаар аймагын тазалыгын камсыз кылууда, шаардын ар бир көчөлөрүндө таштандыларды өз убагында атайын жайларга алынып чыгуусун үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы Баткен- Тазалык ишканасынын жетекчиси К.Султанмуратовго милдеттендирилсин.
- тиричилик калдыктарын атайын жайларда талапка ылайык жок кылынуусу эскертилсин.
- саркынды сууларды канализациялык системалар менен атайын жайларга чыгарууну жакшыртуу үчүн жаңыртылган жаңы планын иштеп чыгуу, саркынды суулардын төлөм акыларын кайра иштеп чыгууну менен сунуштоо жагы Баткен –Таза-Суу ишканасына С.Шайдуллаевге тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Добутов) тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |