Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 23
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң жана Келечек кварталдарынын башкы планындагы социалдык обьектилеринин планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» № 101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункуттун 2;5-пункутчаларына жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралдагы №6, 2020-жылдын 3-июндагы №8 протоколуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2020-жылдын 9-апрелиндеги №02-6/205,2020-жылдын 4-февралдагы №41 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын башкы планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Муниципалдык менчиктин балансасындагы социалдык обьектиге калтырылган Кызыл-Дөң кварталынын Эне-Сай көчөсүндөгү 1061м2 ФАП жана аптекага калтырылган жер аянттарына, тигүүчү цех, чачтарач, бут кийим оңдоочу жай курууга макулдук берилсин.
2) Баткен шаарынын А.Жайнаков көчөсүндөгү А.Акматовдун социалдык обьекттеги стомотологиялык борбор үчүн 315 м2 жеке менчик жер аянты “турак жай” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин
3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын
Төрага | А.Ташбеков |